Кабыл алынган токтомдун алкагында окуу сааттары эртең мененки саат 8:00дөн  эрте башталышы мүмкүн экендиги белгиленген.

Бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектеп 198 129 балага билим берет, алардын долбоордук кубаттуулугу сменасына 89 893 окуучуга туура келет.

198 129 окуучунун ичинен 90 599 бала микроучастоктон тышкары билим алышса, 7 842 бала Чүй облусунун жакынкы райондорунан Бишкек шаарына окууга келишет.

14 муниципалдык мектепте окуу эртең мененки саат 7:30да башталат: № 69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67.
2024-2025-жаңы окуу жылында окуу саат 7.30дан баштап төмөнкү 30 мектепте  пландаштырылууда: 6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, №1 МЛГ.
Мындан тышкары, жол-транспорт инфраструктурасындагы тыгындарды жоюу максатында Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга   тыюу салынарын  эскертет, эреже бузган учурда аларды айып пул менен эвакуациялоо чаралары көрүлөт.

Ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ата-энелерден балдарын жашаган жерине жакын жердеги мектептерге барышын алдын ала пландаштырууну суранабыз.