Электрондук соода аянтчасынын порталында учурда 21 объект бар экенин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти билдирди.

Бүгүн, 2024-жылдын 26-июлунда, төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:
1. ЛОТ № 1916.1 – Жибек-Жолу проспектисинин боюнда жайгашкан 11 аялдама комплекси;
2. ЛОТ № 1912.1 – Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 5 аялдама комплекси;
3. ЛОТ № 1914.1 – Москва көчөсүндө жайгашкан 11 аялдама комплекси.

2024-жылдын 6-августунда төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:
1. ЛОТ № 1929.1 – Ч.Айтматов жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан социалдык-маданий объектинин курулушуна,  жер тилкеси 536 чарчы метр;
2. ЛОТ № 1929.1 – И.Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер тилкеси, аянты 330 чарчы метр.

2024-жылдын 12-августунда төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:
1.ЛОТ  № 1934.1 – Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдама комплекси;
2. ЛОТ № 1933.1 – Ахунбаев жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдама комплекси;
3. ЛОТ № 1932.1 – Ахунбаев жана Б.Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдама комплекси;
4. ЛОТ № 1933.1 – Ахунбаев, Москва, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан 14 аялдама комплекси.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 20-августунда 12 объектти ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт.

Аукционго катышуу үчүн ЭСР (электрондук санариптик кол коюу) үчүн флеш-картаны сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталуу керек экендигин эске алыңыз, аукционго ылайыктуу лотту таап, маалыматтарды толтуруңуз жана төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөңүз.

Аукционго катышуу боюнча нускамаларды төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://docs.google.com/document/d/1cyipUwvq-_8HGfUVhR90LEaPTQw3UkAf/edit