Кабыл алынган токтомдун алкагында окуу сааттары эртең мененки саат 8:00дөн эрте башталышы мүмкүн экендиги белгиленген.

Бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектеп 198 129 балага билим берет, алардын долбоордук кубаттуулугу сменасына 89 893 окуучуга туура келет.

198 129 окуучунун ичинен 90 599 бала кичиучастоктордон тышкары билим алышса, 7 842 бала Чүй облусунун жакынкы райондорунан Бишкек шаарына окууга келишет.

14 муниципалдык мектепте окуу 3 нөөмөт менен жүргүзүлөт, дагы 14 мектепте окуу саат 7.30да башталат.

Бишкек шаарында жалпы саны 167 727 окуучуну түзгөн 129 кесиптик-техникалык билим берүү уюмдары (36 жогорку, 77 орто кесиптик билим берүү мекемелери жана 16 кесиптик лицей) бар.

Жаңы 2024-2025-окуу жылында дагы 30 мектепте саат 7.30дан баштап окутуу пландалууда.

Ошентип, иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42% же 44% эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөт.

Мындан тышкары, жол-транспорт инфраструктурасындагы тыгындарды жоюу максатында Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга  тыюу салынарын эскертет, эреже бузган учурда аларды айып пул менен эвакуациялоо чаралары көрүлөт.

Ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ата-энелерден балдарынын жакын жердеги мектептерде билим алуусун алдын ала пландаштырууну суранабыз.