Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Эртең, 26-июлда Чүй проспектиси менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Мындан тышкары, 27-июлда Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү да жабылат.

Учурда Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык.

Белгилей кетсек, Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т.Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот. Подряддык уюм катары "Технотоп"ЖЧК тандалган.