Белгиленбеген жерге таштанды үйгөн жарандарга чара көрүү үчүн  Муниципалдык инспекциянын инспекторлору таң эрте  рейддерди өткөрүштү.

Күндүн биринчи жарымында мыйзам бузган 15 жаран жаранга чара көрүлдү. Алардын арасында жеке адамдар, жеке ишкерлер жана компаниялар бар.

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 1-жана 2-бөлүгүнө ылайык, эреже бузгандарга карата 175 000 сом айып салынган.

Таштандыны белгиленбеген жерлерге үйүп, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандардын арасында  керектен чыккан унаа  дөңгөлөктөрүн таштанды таштоочу конейнердик айтчага алып барып таштаган жарандар да аныкталды.

Эреже бузуучу Кайназарова жана Троицкая көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган видео камерага түшүп калган.

Белгилей кетсек, эски дөңгөлөктөрдү контейнердик аянтчаларга таштабай, таштанды полигонуна алып барып таштоо зарыл.

Эми шаардыктарга 5 500 сом айып пул салынат. Эскерте кетсек, КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин  мыйзамдарында таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоого тыюу салынган. Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери  бардык жарандар үчүн бирдей!