Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Горкий көчөсүнүн жабылышы Ахунбаев көчөсүнүн ачылышы менен координацияланат. Ахунбаев көчөсүн оңдоо иштери  графиктен 25 күн алдыда жүргүзүлүүдө.

Горький көчөсүн  оңдоп-түзөө иштерине жабуу  29-июлда эртең мененки саат 6:00дө пландалууда.

Биринчи этапта Ч.Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Учурда жол куруучу техникаларды, лоток, бордюрларды алып келүү иштери жүрүп жатат.

Аталган иштердин алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыланып, майдаланган шагыл-мастикадан асфальт төшөлөт.

Белгилей кетсек, М.Горький көчөсүнө капиталдык оңдоо иштери Ч.Айматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамыңызды алдын ала пландап алууңузду өтүнөт.