“Бишкексууканал” ишканасы тазалоочу курулмалардагы механикалык тазалоо цехинин торлорун оңдоону аяктады. Оңдоо иштерин станциянын адистери өз кызматкерлеринин колдоосу менен аткарышты.

Механикалык тазалоо цехиндеги торлор 1998-жылы ишке киргизилгенден бери эч өзгөргөн эмес. 1998-жылы борбор калаанын калкынын санынын өсүшү менен механикалык тазалоо цехи кеңейтилген, бул аэростанциянын өндүрүштүк кубаттуулугун саркынды сууларды алуу күнүнө 100 миң куб метрге чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

Саркынды суулардан катуу калдыктарды эффективдүү кармоо үчүн жалпысынан алты тор алмаштырылды.

Торлорду алмаштыруу саркынды сууларды тазалоонун сапатын жакшыртат, тазалоочу курулмалардын эффективдүүлүгүн жогорулатат жана жабдуулардын иштөө мөөнөтүн узартат.