“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы Кытай тарап менен транспорттук түйүндөрдү куруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол койду.

Ошентип, Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен (3-фаза) төмөнкү транспорттук түйүндөрдү куруу пландаштырылууда:

* Л.Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги транспорттук түйүн;
* Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги транспорттук түйүндөрдү реконструкциялоо жана жолдорду кеңейтүү, Ахунбаев көчөсүнө 7-апрел көчөсүнөн Анкара көчөсү чейинки аралык.

Учурда жогоруда аталган транспорт түйүндөрүн деталдык долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Болжолдуу курулуш мөөнөтү 2025-2026-жылдар.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жогоруда аталган долбоордун 3-фазасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлган.