Бишкек шаарында кайырчылык менен алектенген же эмгектин эң начар түрүнө тартылган, ошондой эле саат 23:00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн жашы жете элек балдарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейд Биринчи май райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы менен биргеликте "Ак-Босого" жаңы конушунун, "Кудайберген", "Сары-Өзөн", "Азиз" базарларынын аймагында, ошондой эле райондун борбордук бөлүгүндө өткөрүлдү.

Жыйынтыгында түнкүсүн ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосу жок жашы жете элек 14 бала, иштеп жаткан 4 бала аныкталды. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдар туугандарына (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) берилди.

Мындан тышкары, Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү ИИБ менен биргеликте саат 22:00дөн кийин рейд жүргүздү.

Рейддин жыйынтыгында, компьютердик клубдардан чоң кишилердин коштоосу жок жүргөн 16 жашы жете элек бала аныкталды, алардын ичинен 7 бала өздүгүн тактоо үчүн КР ИИМдин зомбулуктан жабыркагандарга жардам берүү борборуна жеткирилди.