Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Эртең, 2024-жылдын 26-июлунда Чүй проспектисинин С.Ибраимов көчөсүнөн Т.Айматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Буга байланыштуу № 7, 11, 17, 21, 31, 34, 36, 38, 42, 50, 104, 135, 152, 166, 216, 222, 227-автобустук каттамдардын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сураныч, сапарларыңызды пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алыңыздар.