Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобосун ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарында 2024-жылга 150 аз камсыз болгон үй-бүлөгө квоталар аныкталды.

Ошентип, бүгүнкү күндө 51 үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлүп, бизнес-пландарда көрсөтүлгөн жеке бизнесин уюштурууга керектүү жабдуулар, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынды.

Жалпысынан   социалдык контракт ишке ашырыла баштагандан бери Бишкек шаары боюнча 426 социалдык келишимди алуучу катталган.