Бишкекте мэр Айбек Джунушалиев 9-кичи райондун тургундары менен жолугуп, кайрылууларды жеринде укту.

Шаар тургундары тротуарлар, ирригация, балдар аянтчалары, таштанды чыгаруу ж.б.  абал тууралуу айтып беришти.

Бардык тиешелүү кызматтарга бул маселелер боюнча чара көрүү үчүн эң кыска мөөнөттөр берилди.

Тургундар ошондой эле конуштагы кээ бир үйлөрдө муздак суунун басымы төмөн экенин айтышты.

Мэр “Бишкексууканал” муниципалдык  ишканасына жеринде барып көрүп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Өз кезегинде 9-кичирайондун жашоочулары ыраазычылык билдирип, маселелердин тез арада чечилишине тилектештигин билдиришти.

Жолугушуудан кийин Айбек Джунушалиев кызматтардын өкүлдөрү менен районду  кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди.