Свердлов районунда Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде кичи сейил бак уюштурулуп, ал шаар үчүн көрүнүктүү жер болуп калды.
Парктын аймагына шаардык кызматтар тарабынан таман таш төшөлүп, фонтан орнотулуп, көчөлөрдү жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул эс алуу аймагына жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары жаратылыштан ырахат алып, үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрө алышат.