Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер алдындагы өтмөк куруу пландалууда.

Учурда социалдык, турмуш-тиричилик жана тейлөө объектилери жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү куруунун долбоору даярдалууда.

Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга жылдырылды.