Борбор калаанын райондорунда үлүштүк (дем берүүчү) гранттар боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Алсак, Октябрь району боюнча жыйындын жүрүшүндө 9 долбоор каралып, 1 долбоор ревизияга жиберилген, 8 долбоор жактырылып, дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо  сунушталган.

Биринчи май району боюнча 13 долбоор каралып, 6 долбоор ревизияга жиберилген, 7 долбоор жактырылып, дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо  сунушталган.

Свердлов району боюнча 21 долбоор каралып, 1 долбоор ревизияга жиберилген, 20 долбоор жактырылып, дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо  сунушталган.

Ленин районунда 18 долбоор каралып, анын 13ү жактырылды.  

Каражат жумшак чатырларды оңдоого, лифттерди оңдоого, терезе блокторун алмаштырууга жана башкаларга багытталган.

Эскерте кетсек, гранттар Бишкек шаарынын аймагын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, коомдук активдүүлүктү жогорулатууга жана муниципалдык жана башка турмуштук маселелерди өз алдынча чечүү жолдорун иштеп чыгууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого бөлүнөт.

2024-жылга үлүштүк (дем берүүчү)  гранттарды алууга арыздарды (долбоорлорду) кабыл алуу боюнча иштер белгиленген тартипте 2024-жылдын 1-августуна чейин уланат.

Үлүштүк  гранттар аркылуу жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоонун шарттары жөнүндө маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор боюнча иш күндөрү маалымат ала аласыз:
Октябрь району: 57-35-98;
Биринчи май району: 32-54-84;
Свердлов району: 43-38-91;
Ленин району: 65-69-10.