Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан 12 объект ижарага берүү үчүн аукционго коюлду.

Ошентип, 20-августта төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:
1. ЛОТ № 1946.1 – аянты 388,5 кв.м. Рухий-Мурас конушунда жайгашкан ар кандай максаттар үчүн (сулуулук салону, жеке мектеп, бала бакча, медпункт жана окуу борбору);
2. ЛОТ № 1943.1 – аянты 1000 кв.м кичи футбол аянтчасы.  Бишкек ш. Лесхоз көч/ Жибек-Жолу пр;
3. ЛОТ № 1942.1 – аянты 390 кв.м. Көлмө конушу Мыскал-Теңдик көч жайгашкан спорттук секциялар үчүн;
4. ЛОТ № 1941.1 – аянты 1450 кв.м кичи футбол аянтчасы. Бишкек шаары, Алтын-Бешик конушу, Мидин-Козу/Баглан көчөсү;
5. ЛОТ № 1940.1 – жер тилкеси 800 кв.м. Бишкек ш. Сыдыков көчөсү 72 дарегинде жайгашкан, кызматтык жайларды куруу үчүн;
6. ЛОТ № 1947.1 – Жаш Гвардия бульвары, 2 дарегиндеги буфет, "Дельфин"  балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин имаратында жайгашкан аянты 35 кв.м;
7. ЛОТ № 1939.1 – мүлк комплекси (базар) аянты 4937 кв.м. Тоголок-Молдо көч/Можайский көч;
8. ЛОТ № 1944.1 – Жибек-Жолу пр/ Байтик Баатыр көч (түштүк) дарегинде жайгашкан аялдама комплекси;
9. ЛОТ № 1945.1 – Ахунбаев көч/ Токтоналиев көч жайгашкан аялдама комплекси;
10. ЛОТ № 1938.1 Аянты 300 кв.м бассейн. Бишкек ш. Чыгыш-5 18/1 кичи районунда жайгашкан.
11. ЛОТ № 1935.1 – дүкөн, аянты 20 кв.м. Карылар үйүнүн аймагында, Абай көчөсү 93 дарегинде жайгашкан.

Ошондой эле ЛОТ № 1937.1 – жер тилкеси 15825 кв.м. Бишкек шаарынын Чүй проспектиси – Шопоков көчөсү дарегинде жайгашкан социалдык, турмуш-тиричилик жана тейлөө объекттери жана жер астындагы унаа токтотуучу жайлары бар жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү долбоорлоого жана курууга, 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилет.

Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.

Аукционго катышуучунун колдонмосу менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот:

https://docs.google.com/.../1cyipUwvq.../edit