Бишкек шаарында имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери уланууда.

Алсак, Свердлов районунда Чүй проспектисиндеги № 50 жана Москва көчөсүндөгү  № 51 үйүнүн фасадын сырдоо иштери аяктады.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын иштеп чыккан алдын ала долбоору боюнча имараттардын фасаддары даярдалган. Имарат  боз-көк боёк менен  үч сыйра сырдалды.

Белгилей кетсек, аталган имараттын жашоочуларынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин колдоосу менен имараттын фасадын жаңылоо иштери аяктады.

Ошондой эле, бул багытта иш-чаралар улантылат.

Биринчи май району боюнча Ахунбаев көчөсү №117, №129, №131, Токтогул  көчөсү №184  Абдрахманов көчөсү менен кесилишет, Байтик Баатыр көчөсү №102, Токтогул көчөсү №170,  Раззаков көчөсү №10, Чокморов көчөсү №154, Ахунбаев көчөсү №175а. КМТУ тарабы,   Эркиндик бульвары №63, Логвиненко көчөсү №59, Жибек-Жолу проспектиси №346, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин административдик имараттары, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жана Ч Айтматов атындагы орус драма театрынын имараттарынын фасаддары жаңыртылды.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү максатында чарбалык субъекттин ээлери жана «Илбирс» ААКсы, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъектилер «Илбирс» имаратынын фасадын жакшыртуу иштерин жүргүзүүдө. Жалпысынан 16 имарат сырдалган.

Ошондой эле “VEFA” соода борборунун имаратынын фасадын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ленин районунда Чүй проспектисинин № 180 жана №194, Калык Акиев  көчөсү №86, Дэн Сяопин проспектиси 14 даректериндеги имараттардын фасаддары оңдолду.

Мындан тышкары, Октябрь районунун аймагындагы И.Ахунбаев көчөсүндөгү 134, 132, 130, 100, 128, 108, Байтик Баатыр көчөсү  1/4, 5а, 4/1, 6 /5 (Народный супермаркет), 67 жана 3/2 даректериндеги 12 имараттын фасаддары жаңыртылды.