Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Ага ылайык, бүгүн, 24-июлда Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү пландан бир күн мурда ачылды.

Буга байланыштуу коомдук транспорттун кыймыл чиймелери өзгөрдү. Алар төмөнкүлөр: № 42, 55, 100, 145, 152, 169, 226 автобус каттамдары. Өзгөргөн кыймыл чиймелер менен шилтеме аркылуу кирип таанышсаңыздар болот.

Белгилей кетсек, Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолуна чейинки бөлүгүндө эски асфальтты сыйруу, бордюр орнотуу жана асфальт басууга даярдык жумуштары жүрүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары!

Күнүмдүк маршрутуңузду жогорудагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен пландоону сунуштайбыз.