Эртең, 24-июлдан тарта №23 жана №56 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөрөт.

Алсак, тургундардын кайрылуусуна ылайык, Пишпек районун камтыган №4 автобустук каттам иштеп баштаганына байланыштуу, №23 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Эми каттам Жайыл Баатыр көчөсүнөн Селекция, Муромский, Гагарин жана Репин көчөлөрү менен Л.Толстой көчөсүнө чейин барат.

Мындан тышкары, №56 автобус каттамынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Аталган каттам Манас проспектисинен Чүй проспектиси, Фучик көчөсү, Коммунаров көчөсү, Жибек-Жолу проспектиси аркылуу өтөт.

Кыймыл чиймелер менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыз болот:

Схема 56

Схема 23