2024-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Көкчө-Тоо көчөсүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө ишкананын кызматкерлери тарабынан туурасы 6 метр болгон жолго асфальт-бетон аралашмасы  төшөлө баштады.

Адистер эски асфальтын сыйруу иштерин жүргүзүп, жолдун негизин даярдап, асфальттын биринчи катмарын төшөштү.

Сугат үчүн ирригациялык система орнотулуп, туурасы 1,5 метр тротуар салынды.

Ошондой эле, курулуш учурунда тоскоолдук жараткан жеңил конструкциялар демонтаждалды.