Биринчи май районунун конуштарында райондун МАБ өкүлдөрү, "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, ошондой эле "Айыл Банк" ААК жана "РСК Банк"ААК өкүлдөрү менен биргеликте жеңилдетилген газдаштыруу маселеси боюнча калк менен жолугушуулар өткөрүлгөн.

Жолугушуулар  "Балбан-Таймаш", "Керемет", "Щербаков", "Жеңиш", "Салам-Алик", "Касым", "Көлмө", "Алтын-Бешик", "Аска-Таш", "Маданият" конуштарында, ошондой эле "Маевка" жана "Пригородное"айылдарында уюштурулду.

Банк өкүлдөрү жаратылыш газына кошулуу шарттары,  пайдалуу төмөн пайыздык шарттар, анын ичинде жылдык 8% бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү боюнча кеңири түшүндүрүштү.

Эң экологиялык таза түр катары электр жана көмүр менен жылытуудан газ менен жылытууга өтүүнүн экологиялык артыкчылыктары талкууланды, бул күз-кыш жылытуу мезгилинде  түтүндү алдын алууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаралардын негизги максаты-айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген газ менен жылытууга өтүүнү жеңилдетүү.