Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Ага ылайык, 25-июлдан тарта М. Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Анын биринчи этабында М. Горький көчөсүнүн Ч. Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Белгилей кетсек, М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин бир нече этап менен реаблитация болот.