Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Ага ылайык, эртең, 24-июлда Ж. Абдрахманов жана М. Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши жабылат.

Белгилей кетсек, 25-июлда Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү ачылат.

Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Каттамыңызды алдын ала пландаштырууңузду суранабыз.