2024/2025-жылдын   күз-кыш мезгилин ийгиликтүү аяктоо максатында жана Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ЖЭБде пландык оңдоо иштери жүргүзүлүп, анын ичинде Бишкек шаарындагы ЖЭБдин жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине откана жана турбиналык жабдуулардын техникалык даярдыгын камсыз кылуу үчүн отказан цехинин негизги жабдууларын оңдоо графикине ылайык жүргүзүлүп, № 13, 15, 17, 20 жана № 19 отказан агрегатын учурдагы оңдоодон өтүүдө.

Турбиналык орнотмолор  боюнча 2024-жылы № 6, 9   турбиналык агрегаттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылган жана № 5, 7, 8, 10 жалпысынан 4 турбоагрегатты оңдоо пландаштырылууда.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө №3 жана №4 энергоблоктордо оңдоо иштери жүрүп жатат.

2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине ЖЭБдин  электр жана жылуулук менен камсыздоого даярдык көрүү үчүн төмөнкүдөй көлөмдө отун берүү пландаштырылууда:
- 1 000 000 тонна көмүр, анын ичинен: 250 000 тонна импорттук, 180 000 тонна кыргыз көмүрү; 50 000 тонна жана 520 000 тонна жергиликтүү көмүр; 110 679 млн м³ жаратылыш газы; 8 000 тонна мазут менен камсыз кылуу пландаштырылган.