Социалдык тармакта Горький көчөсүндөгү жолдордун жана жол белгилеринин абалы тууралуу видео тасма жарыяланды.

Борбор калаанын мэриясы баш калаанын 6 негизги көчөсүндө капиталдык оңдоо пландаштырылганын эскертет. Учурда пландаштырылган 6 көчөнүн 5 көчөсүндө иштер өткөрүлүп жатат. Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Ушул эле тизмеде М.Горький көчөсүнүн Ч. Айтматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү бар.

Азыркы учурда транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан тендер өткөрүлүп, анда "ДорСтрой" ЖЧКсы подряддык уюм катары аныкталган.

Жакын арада Горький көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү биринчи этап менен жабылат.

Аталган көчөнү реабилитациялоодо бардык мыйзам бузуулар четтетилет. Бул көчөдө жолду толук реабилитациялоо жана жол белгилерин алмаштыруу зарыл. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаардын негизги көчөлөрүнүн, ошондой эле анын башка бөлүктөрүнүн жол катмарын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Муниципалитет шаардыктарды жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү жана чыдамдуулук менен мамиле кылууга чакырат.