Биринчи май акимчилигининде район башчысынын биринчи орун басары Райым Жолдошовдун төрагалыгында «Ала-Тоо» аянтындагы жана Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз жол жээгиндеги тейлөө объектилерине жана башаламан соодага байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу маселеси боюнча кеңешме болуп өттү.

Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы, райондогу МАБдын өкүлдөрү, ошондой эле мыйзамсыз соода иштерин жүргүзгөн адамдар катышышты.

Кеңешменин жүрүшүндө мыйзамсыз соода ишмердигин жүргүзгөн адамдарга «Жаштар» сейил багында алардын ишкердүүлүгүн ишке ашыруу жана кийин мыйзамдаштыруу үчүн альтернативдүү жерлер сунушталды.

Белгилей кетсек, аймакты деталдуу кароо үчүн сунушталган аянтчаларга жеринен карап чыгуу уюштурулган.

Иштер Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.