Коопсуздук, кылмыштуулуктун алдын алуу, таштандыларды туура эмес жерге таштоо иштери эми борбор калаадагы райондордун биринде видеокөзөмөл камераларына жазылып калат.

Алсак, Свердлов районунда жүзүн таануучу 15 видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Белгилей кетсек, катталган мыйзам бузуулар КР мыйзамдарынын алкагында чара көрүү үчүн жооптуу кызматтарга жөнөтүлөт.

Белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткандар 5 500 сомдон 17 000 сомго чейин административдик жоопкерчиликке тартылат, КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык.

Өнөр жай таштандыларды жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерлерге таштоо 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин айып пул салынат.

Урматтуу шаардыктар! Тазалык ар бирибизден башталат! Кылдат жана камкор мамиле менен биз жакшы натыйжаларга жетип, шаарыбызды  таза жана кооз кыла алабыз.