Бишкек шаарында 2024-жылдын 24-июлунан баштап 28-июлга чейин Эл аралык "Оймо" салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы өтөт.

Фестивалда кол өнөрчүлүк жарманкесин, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү, этно-фэшн-шоуларды, эко-акцияларды көрүп, конференцияларга, тегерек столдорго, музыкалык программаларга, ошондой эле  маданий мурастарга жана кол өнөрчүлүк технологияларына кайрылган Кыргызстандын атактуу жана заманбап сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөсүн көрүүгө болот.

Иш-чаранын уюштуруучулары "Борбордук Азия ассоциациясынын Кыргызстандагы Ресурстук Борбору CACSARC-kg" коомдук фонду КР мамлекеттик түзүмдөрү жана коомдук уюмдары менен өнөктөштүктө уюштурулат.

Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Таджикстан, Түркмөнстан, Түркия, Россия, Иран, Индия, Монголия, Венгрия, Мексика, АКШ, Малайзия, Таиланд, Норвегия, Швеция, Кувейттен кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, артисттер жана ишкерлер катышат.

Белгилей кетсек, жыл сайын фестивалга 70 миңге жакын конок келет.