Курулуш сезонун сарамжалдуу пайдалануу максатында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Ленин районунун аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүүдө.

Иштер 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, Ленин районунун аймагында 8 объектидеги жолдорду капиталдык оңдоо жана 3 объектидеги тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө 7 объектте иштер жүрүп жатат жана 4 объектте баштоо пландалууда. Жолдорду капиталдык оңдоо төмөнкү объектилерде жүргүзүлөт:

- Трудовая көчөсү Кумарык көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин;
- Кумар көчөсү Пишпек көчөсүнөн Трудовая көчөсүнө чейин;
- Садыр-Аке көчөсү Каркыра көчөсүнөн Тагай-Бий көчөсүнө чейин;
- Акак көчөсү Каркыра көчөсүнөн Садыр-Аке көчөсүнө чейин;
- Дүйшөбаев Тагай-Бий көчөсүнөн Көк-Жайык көчөсүнө чейин;
- Л. Толстой көчөсү Садыгалиев көчөсүнөн (путепрод) Т. Фрунзе көчөсүнө чейин;
- Кырк-Кыз көчөсү Гагарин көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин.

Ошондой эле, Ахунбаев көчөсүндөгү Ч.Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейинки тротуарды жолдун эки тарабынан капиталдык оңдоону баштоо пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын титулдук тизмесинен тышкары 2023-жылда курулуш иштери башталган объектилердеги капиталдык курулуш иштери жыйынтыкталып жатат.