Борбор калаадагы "Көк-Жар" конушунда көчө чырактары жанды.

Иш-чарага мэрдин орун басары Рамиз Алиев, "Бишкекжарык"муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын адистери "Көк-Жар" конушундагы Куйручук көчөсүндө Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин жарыктандырышты.

Долбоордун алкагында 40 чырак, 36 темир мамы жана 1200 метр өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылган.

Аталган көчө караңгы болсо, эми жаңы чырактар менен жарыктандырылды.

Тургундар шарттардын жакшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип,   көчөлөр эми кечинде жана түнкүсүн жүрүүгө коопсуз болуп калганын белгилешти.