Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Ага ылайык, бүгүн 22-июлдан тарта Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.

Буга байланыштуу автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрдү. Алар төмөнкүлөр: №7, 34, 38, 166.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары!

Сураныч, сапарларыңызды пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алыңыз.