Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан тарта Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.

Белгилей кетсек, Чүй проспектисинде жол тилкеси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.