Ленин районунун аймагында жарнак курулмаларын демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.

Алсак, мыйзамсыз жарнактарга каршы күрөшүү жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн калыбына келтирүүнүн алкагында Ленин районунун акимиаты Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы,  Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгы, «Тазалык» жана «Бишкекбащкыархитектура» муниципалдык ишканалары менен биргеликте Новопавловкада рейд жүргүздү.

Иш-чара Фрунзе көчөсү Барпы Алыкулов көчөсүнөн Пограничная көчөсүнө чейин өттү.

Рейддин жүрүшүндө имараттардын фасадына илинген 70 баннерлер демонтаждалган. Ошондой эле, механикалык демонтажга алынбаган дагы 132 баннер кол менен алынып, 7 мамычасы демонтаждалган.

Белгилей кетсек, бардык демонтаждалган жарнак конструкциялары тиешелүү уруксат документтери жок коюлуп жана тышкы жарнакты жайгаштыруу эрежелери бузулган.