Октябрь акимчилигинде  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган социалдык контракт боюнча кезектеги комиссия болуп өттү.

Комиссиянын жыйынында 13 долбоор каралып, анын ичинен: 9 долбоор жактырылды жана ишке ашырылат. Деталдарды тактоо  үчүн 4 долбоор экинчи кароого калтырылды.

Бул долбоор үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгуу үчүн активдүү аракеттерге үндөө, социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү максатында иштелип чыккан.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында өткөрүлүүдө.