Бишкекте бизнес жүргүзгөн юридикалык жактар уруксаатсыз жашыл аянтчаларга жарнамалык конструкцияларды жайгаштырып келишет.
Алар менен Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясы күрөшүүдө.

Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 2-бөлүгүнүн 179-беренесине ылайык, эреже бузган төмөндөгү субъекттерге айыптар салынды:
- Москва, көчөсү 103 дарегиндеги жеке ишкер И.Б;
-Серпуховская көчөсү 5 дарегиндеги  «Маленькая золушка» ЖЧКсына;
- Патриса Лумумба, 54 б дарегиндеги жеке ишкер М,Ч.Б.;
-Раззаков көчөсү 62 дарегиндеги  «Loona Pars Trade Impex» ЖЧКсына;
- Махатма Ганди көчөсү, 53 дарегиндеги жеке ишкер М.А.У;
- Ч.Айтматов проспектиси, 29 дарегиндеги «Острые крылышки»  ЖЧКсы;
- Дэн Сяопин проспектиси/ Корейская көчөсүндө жайгашкан «Асия» ЖЧКсы;

Протокол түзүлгондөн кийин металл белгилердин ээлерине  бак-дарактардае  жарнактарды  алып салуу талабы коюлууда.

Белгилей кетсек, көпчүлүк юридикалык жактар жарнактарды, кооздук үчүн жана жарык берүүчү электр зымдарын бак-дарактарга жабыштырып, ошондой эле аларды  бурамалар, степлер жана илгичтер менен бекитип, кабелдер жана зымдарды илишет.

Бизнеске көңүл бурган көпчүлүк шаардыктар  бак-дарактардын абалына маани беришпейт.

Урматтуу бизнес ээлери, жарандар! Жашыл мейкиндиктерге зыян келтирбеңиз, чектеш аймактын жашылдандыруу элементтерин бузбаңыз.