Орто-Сай базарынын аймагындагы өрткө каршы машыгууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Октябрь акимиаты жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Рейд учурунда 8 жеңил типтеги объект жана 43 бастырма демонтаждалды. Жаз-жай мезгилинин келиши менен көчө соодасынын өсүшү, бул рейддин зарылдыгын шарттады.

Базардагы коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн буга чейин сатуучулар менен соода эрежелерин сактоо жана ээлеген орундарын бошотуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзгөн. 

.