Бишкек шаарында 2024-жылдын 19-июлунан тартып №7 троллейбустук каттам кыймыл чиймесин жарым-жартылай өзгөртүү менен ишин улантат.

№7 троллейбус “Ак Өргө” конушунан “Тунгуч” кичи районуна чейин каттайт. Бирок буга чейин каттам Киев көчөсү менен жүрсө, эми ал убактылуу Москва көчөсү менен жүрөт. Маршруттун калган бөлүгү өзгөрүүсүз калат.

Белгилей кетсек, убактылуу өзгөрүүлөр жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу.