Октябрь району боюнча Социалдык өнүгүү башкармалыгынын (СӨБ) кызматкерлери өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору менен биргеликте балдардын эмгек ишмердүүлүгү менен алектенгенин аныктоо боюнча рейд жүргүзүштү.

Акция балдардын укуктарын коргоого жана алардын эксплуатациясын алдын алууга багытталган.

Рейд учурунда балдар эмгегин колдонуу мүмкүн болгон ар кандай жерлер текшерилип, мыйзам бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлдү.

Текшерүү натыйжасында Октябрь районунда эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген 6 бала аныкталды.

Кафе кызматкерлери жана райондун тургундары менен алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ленин району боюнча Социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Ленин району боюнча ИИБ өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору биргеликте "өспүрүм-түн" рейдин жүргүзүштү.

Рейддин жүрүшүндө түнкү убакта 7 өспүрүмдүн чоңдордун коштоосу жок көчөдө жүргөнү аныкталды.

Өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга балдарын көзөмөлдөө зарылдыгы тууралуу эскертилди.