Октябрь акимчилигинде балдардын иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп, анда балдардын укуктарына жана бакубат жашоосуна байланышкан ар кандай маселелер боюнча 10 иш каралды.

Комиссия ар бир ишке көңүл бурган. Бардык материалдардын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүүнүн пландары жана балдарды коргоо боюнча жеке пландар бекитилди.

Балдар иштери боюнча комиссиялардын жыйындары жума сайын ар бир райондук  администрацияларда өткөрүлүп, бул пайда болгон көйгөйлөргө ыкчам чара көрүүгө жана балдардын укуктарын коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарында акыркы 6 ай ичинде балдарды коргоо боюнча 301 жеке план жана үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүү боюнча 101 план балдар иштери боюнча комиссия тарабынан каралып, бекитилген. 103 бала камкордукка алынган, 140 бала реабилитациялык борборлорго жөнөтүлгөн.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, шаардык балдарды жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн ишеним телефонуна кайрылыңыз:

Биринчи май району: 0(312) 67-03-86, 0(312) 67-11-97;
Ленин району: 0(312) 65-01-48;
Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
Октябрь району: 0(312) 51-03-75.