Муниципалдык инспекция Бишкек шаарындагы курулуш компанияларына рейд жүргүздү. Айрым курулуш компанияларында көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Аларга карата салынган айып пулдун жалпы суммасы 161 000 сомду түздү.  

"Памир Строй" ЖЧКсына, "Маэстро Кей Джи" ЖЧКсына жана "Стандарт Строй" ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесине ылайык
жанаша аймагынын санитардык тазалыгын сактабагандыгы үчүн ар бир курулуш компаниясына 13 000 сомдон айып салынды.

"Монолит Строй" ЖЧКсы  жана "Девелопмент " ЖЧКсы атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуубастан  курулуш аянтынан чыгып, жолдун өтүүчү бөлүгүн булгаган.
Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 177 – берененин 2-бөлүгү менен эки курулуш компанияга  айып салынды. Салынган айып пулдун суммасы-34 000 сом.

Өсүп турган бакты зыянга учураткандыгы үчүн "Ислам Курулуш" компаниясына  КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 17 000 сом айып салынган.

Курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн 115 – беренин 2-бөлүгү менен  “Ригель” ЖЧКсы  курулуш компаниясы айыпка жыгылды. Айып пулдун суммасы 17 000 сомду түздү.

"Аманат Строй Инвест" курулуш  компаниясы 114-беренени жана 177-берененин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн дароо эки протокол алган. Айып пулдун жалпы суммасы - 30 000 сом.

Эскерте кетсек, бардык жеке жана юридикалык жактар Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузбастан, аларды сактоосу керектигин эскертебиз.