Муниципалдык инспекция Бишкек шаарында тартипти жана тазалыкты жакшыртуу боюнча ишин улантууда.

17-июлда көрктөндүрүү эрежелери сакталбаганы үчүн инспекторлор тарабынан 1 088 000 сомдук айыптар өндүрүлгөн 81 протокол түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин төмөнкү беренелери боюнча негизги укук бузуулар болуп саналат:
- 114- беренесине ылайык чектеш аймактагы антисанитардык шарттар;
- 115- берененин 1-бөлүгүнө ылайык уруксат берилбеген жерлерге тиричилик таштандыларын ыргытуу;
- 179- берененин 2-бөлүгүнө ылайык жашыл аянттарга зыян келтирүү;
- 177-берененин 1-бөлүгү боюнча жол конструкциясын бузуу.

Октябрь районунда 301 000 сомго 21, Ленин районунда 275 500 сомго 18 протокол, Биринчи май районунда 263 500 сомго 24, Свердлов районунда 248 000 сомго 17 мыйзам бузуулар аныкталган.

Урматтуу шаардыктар, борбордун коноктору жана уюмдар! Эскерте кетсек, борбор калаадагы тартипти муниципалдык инспекция көзөмөлдөйт. Таштанды таштоочу жайларга видеокамералар орнотулду. Тартип бузгандар административдик жазага тартылышат.

Эсиңизде болсун, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери баарына бирдей!