Биринчи май районунда карызы барларды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейдди Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы менен биргеликте жүргүзгөн.

Биргелешкен иштердин жүрүшүндө 6, 8, 11 ай жана 1 жылдан ашык акча төлөбөгөн тургундардын арасынан туруктуу карызы барлар аныкталды.

Адистер калк арасында квитанцияларды өз убагында төлөө керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Эскерте кетсек, карыздын негизинде иш сотко өткөрүлөт. Андан кийин суу өчүрүлөт. Сууга кайра туташтыруу абонентке 8200 сомду түзөт.

Урматтуу шаардыктар! Коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөөңүздөрдү суранабыз.