«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын тобу тез арада күчөтүүчү насостук станцияда (КНС) эски насосту жаңысына алмаштыруу иштерин жүргүзүштү.

Басым трубасынан жарака кеткендиктен жабдуулар орнотулган бөлмөнү суу каптаган.

Адистерден турган бригада бузулган жабдууларды тез арада демонтаждап, жаңы насос орнотушту.

Команданын профессионалдык аракеттери авариянын кесепеттерин тез арада жоюуга жана бузулган системанын элементтерин алмаштырууга мүмкүндүк берди. Бул бизге суу менен камсыз кылуудагы үзгүлтүксүздүктөрдү минималдаштырууга жана насостук станциянын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берди.