Калаада мэр Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги астында жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйыны өттү.

Мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын аймактык системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын коркунуч жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдыгын талкууладык.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Тухтаров Ала-Арча капчыгайындагы абал, тактап айтканда Адыгене көлү тууралуу маалымат берди. Картада чөгүп кетиши мүмкүн болгон жерлер да көрсөтүлгөн.

Белгиленгендей, аталган көл учурда коркунуч жаратпайт.

Бирок Айбек Джунушалиев кайрадан визуалдык текшерүү жүргүзүп, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жоюу милдетин койду.

Өз кезегинде КР УИАнын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Адыгене көлү коркунуч туудурбайт, бирок булак тобокелдиктердин  боло турган кичине (тайыз) көлдөр бар экенин билдирди.

Ал ошондой эле сел кубулуштарынын туу чокусу болжол менен июль айынын 3-декадасынан августтун 1-декадасына чейин башталышы мүмкүн экенин, буга байланыштуу кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдүк кылуучу кызматтар тарабынан тийиштүү иштерди улантуу зарылдыгын кошумчалады.

Ала-Арча капчыгайынын үстүнөн борбор калаанын мэринин жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана КР Улуттук илимдер академиясынын адистеринин катышуусунда учуу чечими кабыл алынды.

Тиешелүү жетекчилерге керек болсо атайын техника бере ала турган курулуш уюмдарынын күчүн, каражаттарын изилдеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Төрт райондун акимдерине кооптуу аймактарда күзөт уюштуруу тапшырмасы берилди.

Отурумдун жыйынтыгында А.Джунушалиев өзгөчө режим жарыялап, бардык шаардык кызматтарга, төрт райондун акимдерине, күч түзүмдөрүнө жана өзгөчө кырдаал, коркунуч жаралган учурда Бишкек шаарынын жарандык коргонуусун даярдоо планына ылайык иш алып барууну тапшырды.