“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерин улантууда.

Учурда Горький көчөсүнүн аймагында түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Горький көчөсү менен автотранспорттордун тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн газ түтүктөрү асфальттын үстүн ачпастан, атайын механизмдер аркылуу жер астына, өтүүчү каналга төшөлөт.

Реконструкциялоонун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөрдү диаметри 900 мм болгон түтүктөргө толук алмаштыруу, ошондой эле жапкычтарды толук алмаштыруу пландаштырылууда. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

Иш Бишкектин түштүк бөлүгүн жылуулук менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.