Каратэ-до WKF боюнча Бишкек шаардык курама командасы “Kazakhstan Open 2024” эл аралык турниринде медалдарга ээ болду.

Турнир 2024-жылдын 12-июлунан 14-июлуна чейин Астана шаарында (Казакстан) өткөн.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Гонконг жана Россия Федерациясынын спортчулары катышты.

Жыйынтыгында чоңдор арасында жеңүүчүлөр жана байгелүү орунду ээлегендер:
Нурланбек уулу Калыс – 3-орун (75 кг) салмакта.
- U21 жаштар арасында:
Нурланов Назим – 1-орун (75кг) салмакта.
- курсанттар арасында:
Кобелев Илья – 1-орун (+70 кг) салмакта;
Камилов Алинур – 1-орун (-63 кг) салмакта;
Даян Деря – 2-орун (+61 кг) салмакта;
Натальченко Вера – 2-орун (-61 кг) салмакта;
Байжигитова Даткайым – 3-орун (+61 кг) салмакта.

Кумитэ боюнча эркектердин командалык программасында 3-орунга Нурланбек уулу Калыс, Нурланов Назим, Ильясов Мухаммед, Баратов Визит, Мукамбетов Сыймык, Апсатаров Абдыбек, Аманжолов Эржан ээ болушту.