Учурда Байтик Баатыр/Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.

20-августка чейин Ахунбаев көчөсүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин, ошондой эле Абдрахманов көчөсү Аалы Токомбаевден  Жибек Жолуна чейин бүтүрүүнү пландап жатышат.

18-июлда Чүй проспектиси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгүн жарым-жартылай жабуу менен иш башталып, ишти 20-сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.

Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка чейинки бөлүгүндөгү иштерди аяктоо 10-15-октябрга чейин пландалып, мөөнөт проспектинин узундугун жана туурасын, ошондой эле аба ырайынын шарттарын эске алуу менен белгиленген.

Ошондой эле бүгүн, 16-июлда биринчи этап менен Юнусалиев көчөсү Сухэ Батор көчөсүнөн Сүйөркуловго чейин жапты.

Капиталдык оңдоо иштери Сухэ Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин пландалууда.

Ошондой эле Манас проспектисинен 7-апрелге чейин Горький көчөсүн бойлой капиталдык оңдоо иштери пландалууда.

Курулуш мезгилин рационалдуу пайдалануу максатында көчөлөрдүн айрым участоктору бекитилген графиктен алда канча эрте жабылган. Ремонт иштери графиктен 18—20 кун алдыда журуп жатат.

Белгилей кетсек, иштин жүрүшүн такай көзөмөлдөө максатында жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө онлайн камералар орнотулган.