Бишкек шаарында Биринчи май районундагы Эркиндик бульварын реконструкциялоо иштери аяктады.

«Бишкек жашыл курулуш» МИнын кызматкерлери бульвардын боюндагы Абдумомунов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки газонду түшүрүүнү аяктап жатышат.

Эркиндик бульварынын аймагында сугат системасы толугу менен жаңы В2 арык лотокторуна алмаштырылып, жаңы автоматтык сугат системасы орнотулду.

Жашылдандыруучулар бульвардын аймагын курулуш жана чарбалык таштандылардан тазалап, топурак тегиздеп, газон чөптүн үрөнүн себишти.

Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Жибек Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин унаа токтотуучу жай уюштуруу менен жолду жана тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Эски асфальттарды түшүрүү иштери жүргүзүлүп, бордюрлар жана ирригациялык система орнотулуп, жолдун негизи даярдалып, асфальт төшөө иштери аяктады.

Мындан тышкары, Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ирригациялык системаны орнотуу менен тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Жумабек көчөсү Эркиндик бульварынан чыгышты карай 60 метр аралыкка ирригациялык система орнотулуп, жол бордюрлары жаңыртылды.