Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Бакаев көчөсүн бойлой темир жол менен жол куруу иштерин жүргүзүүдө.

Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки курулушу (1-этап) ишке ашырыла турган алгачкы долбоорлордун бири.

Учурда эстакадалык көпүрөнү куруу иштери «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жолдун долбоору Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Долбоордун сметалык баасы 139 миллион сомду түзөт. Бул сумманын негизги бөлүгү эстакадалык көпүрөнүн курулушуна жумшалат.

Учурда бул иштерди аткарууга тендер жарыяланды.

Жолду ачуу долбоорунда темир жолдун алдына эстакадалык өтмөк салынып, жолдун туурасы 9 метрди түзүп, эки тарабына тротуар курулат.

Темир жолдун алдынан 7,2 метр тереңдиктеги арык казылат. Жалпы узундугу 462 метрди түзөт.