“Бишкекасфальтсерис” муниципалдык ишканасы Республика көчөсүн Жибек Жолу проспектисинен ЧЧКга чейин капиталдык оңдоо иштерин баштады.

1300 погондук метрге тротуар салынып, ирригациялык система орнотулат.

Учурда Жибек Жолу проспектисинен Березовая көчөсүнө чейинки тилкеде иштер башталды. Учурда жер кыртышын иштетүү, дүмүрлөрдү алуу, ирригация системасын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Буга байланыштуу жогоруда аталган аймак унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Урматтуу шаардыктар! Жол тыгындарын алдын алуу максатында каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранабыз.